Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Австралия: WikiLeaks кылмыш жасаган эмес


WikiLeaks сайты АКШ дипломаттарынын жашыруун каттарын жарыялоо менен Австралиянын мыйзамдарын бузуп, кандайдыр бир кылмыш жасабагандыгын бул өлкөнүн полициясы жарыялады. Сайттын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Австралиянын жараны болгондуктан өлкөнүн федералдык полициясы WikiLeaksтин ишин иликтөө үчүн көрсөтмө алган эле. Британиянын соту кечээ Ассанжды абактан күрөө менен бошотту. Эми аны "сексуалдык кылмышка барды" деген айып менен өткөрүп алууну көздөп жаткан Швециянын суроо-талабы сотто каралат. Буга чейин Ассанж жана анын адвокаттары АКШ ага каршы тыңчылык кылды деген айып коюшу мүмкүн деген кооптонууларын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG