Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

Эки манасчыга “Эл манасчысы” наамы берилди


Манас айылында “Улуу баян” коомдук кору Кыргызстандагы манасчыларга сыйлык тапшыруу салтанатын уюштурду. “Эл манасчысы” наамы Уркаш Мамбеталиев менен Сапарбек Касмамбетовго ыйгарылып, күмүштөн жасалган төш белгилер тагылды. Ошондой эле бул эки манасчыга аталган уюм өмүр өткөнчө 2000 сомдон стипендия берип турмай болду. Мындай сыйлык манасчыларга төрт жылда бирден тапшырылып, “Манас” эпосун колдоо максатын көздөйт. Иш-чарага Жаштар министри Алиясбек Алымкулов баштаган бийлик өкүлдөрү, коомдук жана маданият ишмерлери катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Улуу баян” коомдук корунан маалымдашты. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG