Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

О.Ибраимов: Ультра эмес, маданияттуу улутчулдук керек


Мурдагы мамлекеттик катчы, мамлекеттик ишмер Осмонакун Ибраимов “Азаттыкка” курган маегинде июнь окуяларынан кийинки Кыргызстандагы улутчулдук маселеси тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Айрым маалымат каражаттарында июнь окуяларынан кийин Кыргызстанда улутчулдук маанай өсүп кеткени айтылып келатат. Бул боюнча ар кандай пикирлер айтылды. Дегеле улутчулдук Кыргызстанга керекпи сиздин оюңузча? Керек болсо кандай улутчулдук бизге керек?

Осмонакун Ибраимов: Биздин эгемендүүлүккө жеткенибизге 20 жылдын ары жак, бери жагы болду. Албетте Кыргызстан жаш мамлекет болгондуктан, цивилизациялуу улутчулдук болсо жаман болбойт эле. Менимче ал да керек.

Улутчулдук дегенди бизде тескери, же калпысыраак түшүнүп алып, “кыргыз элинин гана кызыкчылыгын коргош керек, ошолордун гана сөзүн сүйлөш керек, ал эми калгандардын бардыгы экинчи сорттогу эл” деп айткандай улутчулдукка келсек, мен ачыгын айткым келет, бул биз үчүн өтө татаал жана кооптуу жол. Ал жол биздин жол эмес.

Өзүңүз ойлоп көрүңүз, азыркы заманда бир гана улуттан турган моно улуттун мамлекеттери дүйнөдө жок. Азыр XXI кылымда, ааламдашуу доорунда бүт баары, адамдар да аралашып калган. Ошондуктан дүйнөдө, айрыкча, БУУ, ЕККУда улуттук тазалоо же башкаларды жерүү деген маселени эң жаман, эң коркунучтуу маселе деп эсептейт дагы, ошондой саясатты жүргүзгөн мамлекеттерге карата эң жаман санкцияларды колдонот.

Ошондуктан, мен ойлойм, улутчулдуктун калпыс, тайкы түрүнүн биз үчүн кереги жок. Ал биздин жол эмес. Биздин жол - кыргыз элинин тегерегиндеги башка улуттардын башын бириктирип, ошолорду өзүбүзгө имере тартып, анан жалпы кыргызстандык улутчулдукту, жалпы Кыргызстандын мекенчилдигин өстүрүшүбүз керек. Бул башка маселе.

"Азаттык": Мына жакында эле Москвада “ультраулутчулдар”, “ашынган улутчулдар” деп атап коюшат, ошол топтор менен башка этникалык топтор ортосунда кагылышуулар болуп өтүп атат. Кыргызстандын бир жараны дагы ошолордун колунан жакында эле мерт болду. Ошол жактардан да көчүп келиши мүмкүнбү ушундай көрүнүштөр?

Осмонакун Ибраимов: Албетте Москвада, Петербургда болгон кагылышуу Орусия үчүн өтө чоң кагылган коңгуроо болду деп калдым. Эгерде ушуну орустун бүгүнкү бийлиги, Кремль туура баалап, туура чечим чыгаралбаса - бул Орусия үчүн опурталдуу маселе. Анткени “Орусия орустар үчүн!” деп кыйкырганда, алар маселе андай эмес экенин түшүнбөй атат. Орусия 170 ашуун улуттан турган мамлекет деп айтып атпайбы. Анда Орусиянын тагдыры өтө кыйын болуп калышы мүмкүн. Анткени бир адамды жок кылууга мүмкүн, бирок улутту тазалап жок кылууга такыр мүмкүн эмес.

Орусия деген Кавказ, Татарстан, Башкырстан мамлекеттеринен турат. Эгерде ушул жол менен кетсе, Орусиянын келечеги өтө тайкы экенин Кремль жакшы түшүнөт.

Андыктан бизге дагы Орусияда болгон улутчулдуктун же шовинизмдин көрүнүштөрү өзүнүн таасирин бериши толук мүмкүн деп эсептейм. Анткени биз аз элбиз. Анан Орусияга кеткен биздин боордошторуду ошентип эле өлтүрүп кете берсе, бул албетте Кыргызстанда да опурталдуу болуп кетиши мүмкүн. Себеби Кыргызстанда да өз элин, өз улутташтарын коргойм деген азаматтар көп жана мунун тескери, эмоционалдуу жактары чыгып кетиши толук мүмкүн.

Ошондуктан буга да биз этияттык менен мамиле кылышыбыз керек. Адегенде дипломатиянын тили болуш керек, андан кийин калган чараларды да ойлонуш керек.

"Азаттык": Улутчулдук маселесин козгогондо айтып атабыз, бул бизде дагы опурталдуу маселе болуп турганын. Кыска мөөнөттө, узак мөөнөттө ушул маселелерди болтурбаш үчүн өкмөт, бийлик кандай кадамдарды, аракеттерди кылса туура болот?

Осмонакун Ибраимов: Менин оюмча биз ички, улут саясатын тез аранын ичинде оңдобосок болбойт. Ачык эле айталы, кудай чоң сактады, жайындагы өзбек-кыргыз чатагындагы маселеде. Кыргызстандын ички гана мамилеси катары кабыл алынып, башка эч ким кийлигишкен жок, анын ичинде Өзбекстан да кийлигишкен жок. Мен Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго ушунчалык ыраазы болуп, бул жөнүндө бир жолу жаздым. Кокус дагы бир ошондо маселе, прецеденттер болсо, мен чочуйм. Анда маселе ар кандай жагына айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан ар нерсенин ыгы бар. Биз провокацияга көп берилип кетебиз, чагымчыларга ооп кеткен элбиз. Эми өзүбүзгө-өзүбүз ачык айтышыбыз керек, ички саясатты, анын ичинде улут саясатын так формулировка кылбасак болбойт.

Көптөрү мага сын пикир айтып жүрдү, “Кыргызстан баарыбыздын өлөң төшөгөбүз” деп айтып койсом. Менин оппоненттерим кыйлага чейин артыман сая түшүп жүрдү. “Эмне үчүн Кыргызстан бардыгынын өлөң төшөгү болуп калат экен” деп. “Общий дом” дегенди тескери которуп алып жүрүштү. “Кыргызстан кыргыздардын гана үйү, калгандары квартирант” деп койсок ошону уккан башкалар эмне дейт. Саясат деген ушундай нерсе. Саясатта деген “баарыбыздын өлөң төшөгүбүз” деп айтабыз дагы, бирок ошол эле кыргыз элинин саясатын өткөрөбүз. Саясат деген ошондой болот. Бир саясатты белгилейсиң дагы, иш жүзүнө келгенде башка керектүү иштерди жасайсың. Саясаттын жөнөкөй эле арифметикасын түшүнбөгөндүктөн, биз проблема чыгарып атабыз. Эгер улут саясатын жөнгө келтирбесек, бул маселе өзбек менен кыргыздын ортосунда эмес башка улуттардын ортосунда да чыгышы мүмкүн.

"Азаттык":
Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG