Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп шайланды


17-декабрда Жогорку Кеңеш депутаттарынын көпчүлүк депутаттарынын добушуна ээ болгон Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысы болуп шайланды. Башмыйзам боюнча президент үч күндүн ичинде А. Атамбаевди премьер-министрлик орунга дайындаган жардыгын чыгарышы керек. 88 депутат парламенттик көпчүлүк сунуштаган өкмөттүн курамына макулдугун берди. Өкмөт башчыны шайлоо үчүн жашыруун добуш берүү жүргөн жок, депутаттар жалпы өкмөт курамына макулдугун берүү менен Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин да колдоого алышты.
Өкмөт курамында бир да айым жок экенин "Ата Мекен" партиясынын өкүлү, депутат Равшан Жээнбеков "Азаттыкка" тастыктады.
Келээрки бейшембиде Жогорку Кеңештин отуруму өз ишин улантат, ага чейин партиялык жана коалициялык фракциялар өз жыйындарын өткөрмөкчү.(ZKo;TT)

XS
SM
MD
LG