Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Талас шаарында элүүдөй адам пикетке чыкты


Алар мурдагы бийликте иштеген аткаминерлерди жооптуу кызматтарга жолотпоону талап кылышууда. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Уланбек Эсенгелди билдиргендей, нааразылык жыйынына чогулгандар “апрелдеги ыңкылаптан кийин келген кадрларга тийишпегиле” деген талаптарды коюу менен, алардын сунуштары аткарылбаса жалпы элди көтөрүүгө даяр экендиктерин айтып, жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда иштеген аткаминерлер бар экенин сындашууда. Ушул тапта нааразылык акциясына чыккандар менен Талас облусунун губернаторунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Анарбек Тургуналиев жолугуп, чогулгандар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Өз сөзүндө Тургуналиев учурда бийликке келгендерди эл өзү шайлаганын, бул талаптар облустун деңгээлинде чечиле турган маселе эместигин билдирди. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG