Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

2011-жылы бюджеттин таңсыктыгы 18,6 млрд. сомду түзөөрү күтүлүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Натыйжада кийинки жылдагы бюджеттин таңсыктыгы ички дүң продукциянын 7,8 пайына туура келет. Таңсыктыкты жоюу үчүн сырткы булактардан 16,1 миллиард сомду тартуу планданууда. Ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу, бюджеттик насыяларды жыйноо жолу менен коштолгон ички булактардан бюджеттин 2,5 миллиард сому жабылаары күтүлүүдө. Министрликтин маалыматтары боюнча 2010-жылы бюджеттин жетишсиздиги 16,3 миллиард сомду түзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG