Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Кытайдын премьери Пакистан менен алакага жогору баа берди


Пакистанда сапарда жүргөн Кытайдын өкмөт башчысы Вен Цзябао Кытай-Пакистан алакасы мезгилдин жана дүйнөлүк кризистердин сынагынан өткөндүгүн, коомдук ар башка түзүлүштөгү эки өлкө тынчтыкта жанаша жашай жана бир бирине ишенип кызматташа ала тургандыгын белгиледи.

Бүгүн (18-декабрда) Кытай менен Пакистан 20 миллиард доллардык келишим түзүштү. Эки өлкө энергетика, темир жол, кайра куруу, айыл-чарбасы жана маданият жаатында 13 келишимге жана түшүнүүчүлүк меморандумдарына кол коюшту. Бүгүн Вен Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугуп, ишкер кызматташтык саммитине катышмак, эртең жолго аттанаардын алдында Кытайдын өкмөт башчысы Пакистан парламентинин биргелешкен жыйынында чыгып сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG