Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Пакистанда учак чабуулунан 24 киши набыт болду


Америкалык деп болжолдонгон учкучсуз (аралыктан башкарылган) учак Пакистандын түндүк-батышындагы Ооганстан менен чек аралаш Хайбер аймагын үч ирет аткылады. Кабарларга караганда, жума күнкү чабуулдарда Тирах өрөөнү бир нече сааттык тыныгуу менен аткыланды. Анын аралыгында, АКШнын аты аталбаган өкүлдөрү Пакистандагы Борбордук Чалгын Кызматынын (БЧК/CIA) тыңчысынын өмүрүнө коркунуч келгендиги тууралуу такталган маалымат түшүп, тыңчы өлкөдөн чыгарылып кеткендигин кабарлады. БЧК бул жаатта атайын бир билдирүү жасаган жок.

XS
SM
MD
LG