Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Милициянын генерал-майору Темиркан Субанов дүйнө салды


Темиркан Субанов 58 жаш курагында оорудан каза тапты. Акыркы жылдары ички иштер министринин орун басары кызматында иштеп келген Темиркан Субанов 2009-жылдын башында ички иштер органында кызмат өтөө боюнча жаш курагына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Андан кийин ички иштер органында кызмат өтөөдөн бошотулуп, Куралдуу күчтөргө запаска чыгарылган. Июнь коогалаңы учурунда Жалал-Абад облусундагы коменданттын кеңешчиси кызматында иштеген. Ал башында турган Бишкек шаарынан өз ыктыяры менен түштүккө барган милициянын отставкадагы офицерлеринин тобу 15-июндан тарта Ош-Бишкек жолундагы Топурак-Бел ашуусунда коопсуздукту сактап турушкан. Акыркы күндөрү Темиркан Субанов ички иштер министринин кеңешчиси кызматын аркалап жүргөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG