Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Эртең Балыкчыда мугалимдер митингге чыгышы ыктымал


Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Майрамкүл Кулованын “Азаттыкка” маалымдашынча, эртең Балыкчы шаарындагы 10 мектептин мугалимдери жана 8 бала бакчанын тарбиячылары бир күнгө иш таштайт. Мугалимдер айлык маянанын 30 пайызга көтөрүлүшүнө нааразылыгын билдиришмекчи. “Айлык акыны 30 пайызга көтөргөндө болгону 300-500 сом гана кошулат экен. Буга мугалимдер каршы”,-деди Майрамкүл Кулова. Нааразычылык акциясы эртең саат ондо башталары күтүлүүдө.

Буга чейин билим берүү министри Канат Садыков “Азаттыкка” курган маегинде мугалимдердин айлыгы жаңы жылдан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн айткан. Ал өлкөдө экономика туруктуу өнүгө турган болсо, эки жарым жыл аралыгында мугалимдердин акчасын баскыч-баскычы менен 10 миң сомго чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгү болоорун билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG