Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Кытай Пакистан менен стратегиялык кызматташтыкка кызыкдар


Кытайдын өкмөт башчысы Вен Жиа Бао бүгүн өз өлкөсүн Пакистандын «бороон-чапкынга да карабаган шериги» деп атады. Исламабадда Пакистан парламентинин биргелешкен жыйынында чыгып сүйлөгөн Вен ошондой эле эки өлкө тең стратегиялык байланыштарын бекемдөөнү көздөп жаткандыгын бышыктады.

Пакистандын өкмөт башчысы Юсаф Раза Гилани кечээ келерки жылды эки өлкөнүн достук жылы деп жарыялаган:

- Биз эки ортодо дипломатиялык алаканын түзүлүшүнүн 60 жылдыгын белгилеп жатабыз. Биз 2011-жылды биргелешип, «Пакистан менен Кытайдын ортосундагы Достуктун жылы» деп жарыялоону чечтик.

Вендин сапары тушунда ишкерлер жана министрлер 35 миллиард долларлык соода келишимдерине кол коюшту. Үч күндүк сапары карып, Кытайдын өкмөт башчысы мекенине бүгүн кайтууда.

XS
SM
MD
LG