Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Балыкчыда бүгүн мугалимдер иш ташташы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Балыкчы шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Майрамкүл Кулова билдирди. Анын айтымында, шаардагы ондой мектептин мугалимдери жана бир канча бала бакчалардын тарбиячылары айлык маянанын 30 пайызга көтөрүлүшүнө нааразылык билдирип, бир күнгө иш таштаганы жатат. М. Кулова 30 пайызга жогорулатуудан маянага болгону 300-500 сомдой гана кошулаарын, буга мугалимдер нааразы экенин айтты.

Билим берүү министри Канат Садыков “Азаттыктагы” маегинде мугалимдердин айлыгы жыл жаңыргандан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн, өлкө экономикасы өнүксө мугалимдердин айлыгы бара-бара 10 миң сомго жеткирилерин билдирген.

Ушул айдын башынан тарта өлкөнүн ар аймагында мугалимдер айлыкты жогорулатууну талап кылып буга чейин бир нече ирээт нааразылык акцияларды өткөрүшкөн. Мындай акция алгач Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда башталган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG