Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Балыкчыда мугалимдер өкмөткө бир ай убакыт берди


Айлык акынын 30 пайызга көтөрүлүшүнө нааразы болгон мугалимдер жаңы түзүлгөн өкмөткө бир ай убакыт беришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Балыкчы шаардык билим берүү башкармалыгынын кесиптик кошуунунун жетекчиси Курманбек Жээнбаев кабарлады. Анын айтымында, бүгүн нааразылык акциясына чыккан мугалимдер жана бир катар бала бакчалардын тарбиячылары эртең ишин улантышат. “Бир айда кандай жыйынтык болорун күтөбүз. Талаптар акырындап аткарылса митинг, акцияларды токтотобуз. Эгер айлык маселеси 30% жогорулоо менен гана чечилсе биз кайрадан митингге чыгабыз”, - деди К.Жээнбаев.

Бүгүн Балыкчыда мугалимдер жана бала бакча тарбиячылары болуп 600дөн ашуун адам нааразылык акциясын уюштуруп, айлык акыны керектөөчү куржундун суммасынан жогору коюуну өкмөттөн талап кылышкан. Кыргызстанда керектөөчү куржун төрт миң сомдун айланасын түзөт.

Билим берүү министри Канат Садыков “Азаттыкка” курган маегинде мугалимдердин айлыгы жыл жаңыргандан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн, 2 жарым жылдан кийин мугалимдердин айлыгы бара-бара 10 миң сомго жетерин билдирген.

Ушул айдын башынан тарта өлкөнүн ар аймагында мугалимдер айлыкты жогорулатууну талап кылып буга чейин бир нече ирээт нааразылык акцияларды өткөрүшкөн. Мындай акция алгач Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда башталган болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG