Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Беларуста президенттик шайлоонун соңунан жети талапкер камакка алынды


Шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенко ишенимдүү жеңип чыкканы жарыяланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошинанын билдиргенине караганда, добуш берүүгө катталган шайлоочулардын 90%ы катышкан:

-5, 122, 866 адам же 79, 67%ы ( добуш бергендердин) Александр Лукашенко үчүн добуш беришти.

Бул аралыкта оппозиция өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого каршы чыккан тогуз талапкердин жетөөсү камакка алынды. Камоолор кечээ түнү Минск шаарынын борбордук аянтында демонстранттар менен полиция кагылышкандан кийин жүргүзүлдү. Кагылышуу учурунда ондогон адамдар жаракат алган. Өкмөттүн башкы имаратына кирүүгө аракеттенген топту аянттан таратуу үчүн полиция күч колдонду.

КМШ өлкөлөрүнөн барган байкоочулар миссиясы Беларустун кечээги шайлоосуна демократиялуу деген баасын берди. Ал эми 400дөй байкоочусун жайгаштырган ЕККУ өз тыянагын бүгүн кечке жуук жарыялары күтүлүүдө. Евробиримдик Беларусту кармалган оппозициячыл талапкерлерди тезинен бошотууга чакырды. Мурдараак АКШ демонстранттарга каршы күч колдонулуусун айыптаган.

XS
SM
MD
LG