Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Москвада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди


Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө арналган эскерүү кечеси Москвада 19-декабрда өттү. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, эскерүү кечеси Москвадагы “Кыргызстан” көргөзмө залында өттү. Ага Москва шаары жана облусундагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты. Мындан сырткары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу калемдештери М.Синельников, А.Сооронбаев, А.Жандаров, М.Парханов, Т.Додонов жана башкалар сөз сүйлөп, Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы зор экени белгиленди. Эскерүү кеченин алкагында жазуучунун чыгармачылыгына жана басып өткөн жолуна арналган сүрөт көргөзмөсү өттү. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG