Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси камактагы ирандык адвокатты бошотууга чакырды


Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси, ирандык адам укугун коргоочу Ширин Эбади абактагы адвокат Насрин Сотудэ тезинен бошотулуусун талап кылды. Ал өкмөткө каршы пропаганда жүргүзгөн деген айып менен 4-сентябрда камалган. Эбадинин ырастоосунда, адвокаттын өмүрү коркунучта. Ал камерага жалгыз отургузулушуна нааразылык билдирип, 15 күн боюу кургак ачкачылык жарыялаган. Ширин Эбади бул ишке БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешин кийлигишүүгө чакырды. Насрин Сотудэ бузукулук иштери жана 2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларына катышканы үчүн деп айыпталган оппозиция өкүлдөрүнүн жана жарандык коомдун активисттеринин адвокаты болгон.

XS
SM
MD
LG