Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Украинанын мурдагы өкмөт башчысына айып коюлду


Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын билдиргенине караганда, Юлия Тимошенкого бийликте турган кезинде кызматынан кыянат пайдаланган деген айып коюлду. Тимошенконун өзүнүн бүгүн кабарчыларга айтканына караганда, ал тергөө учурунда борбор Киевден кетпөөгө көрсөтмө алды жана мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланган деп айыпталууда. Тактап айтканда мурдагы премьер- министр экология үчүн мерчемделген каражатты пенсияны төлөөгө жумшаган деп күнөөлөнүп жатат. Тимошенконун үстүнөн ачылган азыркы кылмыш иши ал быйыл жыл башындагы президенттик шайлоодо орусиячыл Виктор Януковичке уттуруп, бийликтен четтөөгө аргасыз болгондон кийин кабылган олуттуу укуктук көйгөй.

XS
SM
MD
LG