Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Түндүк Корея Түштүк Кореянын бүгүнкү машыгуусуна жооп бербейт


Бул тууралуу Түндүк Кореянын мамлекеттик телеси жарыялады. Түштүк Кореянын бир жарым саатка созулган артиллериялык машыгуусу чек арадагы Йонпхендо аралында өткөрүлдү. Аталган арал 23- ноябрда Түндүк Кореянын артиллериялык аткылоосуна кабылган болчу. Бүгүнкү машыгуунун алдында бийликтер Түндүк Корея кайрадан ок ачышы мүмкүн деген кооптонуулардан улам жергиликтүү тургундарды башпаанектөөчү жайларга кирип турууну буюруду. Ошондой эле Түндүк Кореянын ыктымал чабуулунан коргонуу үчүн абага учактар көтөрүлдү. Түндүк Корея Йонпхендо аралынын айланасындагы сууларды өз аймагы катары эсептейт. Мунун алдында жекшемби күнү Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши корей кризиси боюнча билдирүүнү кабыл алалбай койгон.

XS
SM
MD
LG