Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:24

Беларус элчилигинин алдындагы акция бүгүн да уланат


Бишкектеги элчиликтин алдына кечээ кыргызстандык укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү болуп 20дай адам чогулуп, 19-декабрда Беларуста өткөн президенттик шайлоодон кийинки массалык камоолорду, сабоолорду токтотууну жана камалгандарды бошотууну талап кылышты. Акциянын уюштуруучулары мындай мазмундагы катты элчиликтин өкүлүнө тапшырышты. Ал өз кезегинде кат бийликке жеткириле турганын убады кылды. Жергиликтүү укук коргоочулар беларус кесиптеши, “Весна” укук коргоо борборунун жетекчиси Александр Беляцкийди азаттыкка чыгарууну талап кылышууда. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG