Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Өкмөт мугалимдердин маянасын жогорулатуу жолдорун издеп жатат


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 20-декабрда мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу маселери боюнча жыйын курду. Анда билим берүү министри Канат Садыков маянаны жогорулатуу үчүн алдын ала эсептөөлөр боюнча 7,5 миллиард сомдон ашуун каражат керектигинин билдирди. Жыйындын жүрүшүндө А. Атамбаев министрлерди маянаны жогорулатуу боюнча макулдашылган сунушту 10 күнгө чейин даярдап чыгууга милдеттендирди. Өкмөт башчы мугалимдердин айлык акысы керектөө деңгээлинен төмөн болбошу керектигин белгиледи. Буга чейин билим министри Канат Сыдыков мугалимдердин айлыгы жыл жаңыргандан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн, жакынкы жылдары кеминде 10 миң сомго жеткирилерин билдирген. Бирок өлкө мугалимдери 30 пайыз жогорулатууга макул болбой жатышат.

Ушул айдын башынан тарта өлкөнүн бир катар аймактарындагы мектеп мугалимдери айлык акыны көтөрүү талабы менен нааразылык чараларын өткөргөн эле. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG