Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Кызматтык жаңы дайындоолор болду


Президент Роза Отунбаеванын буйругу менен Эмилбек Каптагаев мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттин аппаратынын жетекчиси, Кеңешбек Дүйшөбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгына дайындалды. Булардан сырткары Гүлнара Искакова Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Аида Салянова президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым өкүлү, Өктөмкан Абдуллаева президенттин өкмөттөгү туруктуу өкүлү болуп бекитилди. Ошондой эле Султанбек Каназаров президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Президенттин дагы бир буйругу менен Эркин Мамкулов Кыргызстандын Украина жана Молдова республикасындагы элчиси кызматынан башка жумушка которулгандыгына байланыштуу бошотулду. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG