Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Жалал-Абадда пиротехникалык буюмдарды сатууга тыюу салынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев кабарлады. Анын айтымында, жаңы жыл алдында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштейт. Эс алуу жайларында, гүл бактарда көзөмөл күчөтүлөт. Облуста лицензиясы болбогондорго пиротехникаларды сатууга жана түнкү саат 11ден кийин аны көчөгө алып чыгууга, колдонууга тыюу салынды. Ушул тапта облуста “Селсаяк” деген операция жүргүзүлүп жатат. Мунун алкагында жаңы жыл майрамы алдында көчөдө калган үйсүз адамдарды атайын жайларга тапшыруу иштери жүрөт.

Жаңы жыл майрамы алдында Бишкек шаардык милиция пиротехникалык буюмдарды сатууга көзөмөлдү күчөтөт. Ушундай эле аракеттер Ош шаарында да көрүлүп жатканын кечээ мэрдин басма сөз кызматы кабарлаган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG