Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз жүк кармалды


20-декабрда Айдаркен чек ара отрядынын аймагында, Кыргызстандан Өзбекстанга аткезчилик жолу менен ташылып келаткан жүк кармалды. Чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкынай Абдыкариеванын “Азаттыкка” маалымдашынча, кармоо учурунда он чакты белгисиз адам жүктү таштап, Өзбекстан тарапка качып кетишкен. Маалыматка ылайык, текшерүүдө мыйзамсыз ташылып бараткан жүк үй техникалары, электр чайнектери, газ плиталар жана темир чайнектерден турары аныкталган. Ушул эле күнү кыргызстандык чек арачылар 217 миң сомдон ашуун кургатылган жашылча жемиштерди Өзбекстанга мыйзамсыз ташып бараткан Кыргызстандын эки жаранын кармаган. Тиешелүү иш-кагаздар түзүлгөн соң бардык мыйзамсыз ташылып бараткан жүктөр бажы кызматынын түштүктөгү бөлүгүнө өткөрүлүп берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG