Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:52

Мугалимдер бийликке беш талап койду


Билим берүү жана илим кесиптик кошуундун кызматкерлеринин борбордук комитетинин алдындагы республикалык штабдын өкүлдөрү буга чейин митингге чыгып аткан мугалимдердин беш талабын бийликке жолдошту. Кесиптик кошуундун өкүлү Асылбек Токтогуловдун айтымында, талаптар коюлган кайрылуу премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго жиберилди. Мугалимдер 1-январдан тарта айлык акы орточо маянадан аз болбошун (2010-жылы 10-октябрда орточо айлык акы 6 миң 832 сомду түзгөн), экинчиси, товарларга жана тейлөөлөргө баалардын өсүшүнө жараша жыл сайын айлык акыны индекстөөнү, үчүнчүсү, мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрүн жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которууну, төртүнчүсү, педагогдордун иш-сапарга чыгуусун республикалык бюджеттен каржылоону, бешинчи, айыл жергесине жаңы келген жаш адистерге республикалык бюджеттин эсебинен 10 жолку кызматтык маяна өлчөмүндө бир жолку пособие берүүнү талап кылышты. Талаптар аткарылбаса мугалимдер эскерттүү иретинде бир саатка иш таштап, андан соң бийликке 10 күн убакыт беришет. Эгер коюлган талаптар аткарылбаса иш таштоо мөөнөтү бир айга созулары эскертилди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG