“Билим берүү жана дин: Кыргызстандагы жана эл аралык тажрыйба” деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференция эки күнгө созулат. Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин басма сөз катчысы Азима Акунованын "Азаттыкка" маалымдашынча, жыйында диний жана руханий билим берүүдөгү окуу-методикалык, уюштуруу, илимий-изилдөө иштери талкууланмакчы. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстан диний башкармалыгынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайдын жана илимий, диний билим берүү мекемелеринин окутуучулары, жетекчилери, коомдук уюмдардын, чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү чакырылган. (EBM)