Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Бүгүн Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевдин соту болот


Бишкектеги Биринчи май райондук соту 17-декабрда күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу жараянды бүгүнкүгө жылдырган. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Үсөн Сыдыков менен Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевге 12-13-май күндөрү "массалык башаламандык уюштурган" (233-берене) жана "конституциялык бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган" (295-берене) деген беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон. Ү. Сыдыков жана И. Масалиев өздөрүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагып келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG