Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Ошто Наримандагы кандуу иш боюнча доо арыз каралууда


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, ушул тапта Ош облустук соту июнь коогалаңында Кара-Суу райондук милиция башчысынын өлтүрүлүшү боюнча айыпталып жаткандардын доо арызын карап жатат.

Кара-Суу районунун милиция башчысы Адылбек Султанов жана анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаевди 13-июнда мыкаачылык менен өлтүргөн деп соттолгондордун жактоочулары сот өкүмү менен макул болбой, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышкан. 29-октябрда Кара-Суу райондук соту бул кылмыш иши боюнча он кишинин тогузун күнөөлүү деп таап, бешөөнү өмүр бою эркинен ажыратуу, бирөөнү 25 жылга, дагы үч айыпталуучуну сегиз, беш жана төрт жылга түрмөгө кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Айыпталгандардын бири Дилшат Ахроровдун иши жалпы иштен бөлүнүп, атайын экспертизалык топко анын психикалык саламаттыгын аныктоо тапшырылган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG