Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Кыргызстандын атуулдары маалыматтын 90% орус тилинде алышат


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Азимжан Ибраимов билдирди. Ал “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам өзгөрүүгө муктаж экендигин, учурдагы мыйзам кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү талаптарга жооп бербей тургандыгын кошумчалады. “Мамлекеттик тилди жаңы технологиялар менен өнүктүрүп, кыргыз мектептердин деңгээлин көтөрүү керек”,-деп эсептейт тил комиссиясынын төрагасы. Маалыматка ылайык, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга тилди натыйжалуу өнүктүрүүгө багытталган айрым өзгөртүү, толуктоолор Жогорку Кеңешке сунушталат. Ошондой эле коомдук башталышта иштей турган 25 адамдан турган кеңеш берүүчү орган түзүлдү. Анын ичинде министрлер менен ведомстволордун жетекчилери, маданият кызматкерлери, окумуштуулар, акын-жазуучулар бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG