Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

23-декабрга карата аба ырайы


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча 23-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1 градус суук болот. Талас аймагында түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болсо түнкүсүн -4…-9 суук, күндүз -2…+3 градус жылуу болот. Ысык-Көл ойдуңунда абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 суук, күндүз -2…+3 градус болсо, Нарын аймагында түнкүсүн -10…-15 градус, күндүз -3…-8 градус суук болот. Тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -10…-15 градус суук болоору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...-13, күндүз 0...-2 градус суук болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG