Линктер

бейшемби, 23-февраль, 2017 Бишкек убактысы 18:14

31-декабрда Москвада укук коргоочулар митинг өткөрөт


Мосвкадагы Хельсинки тобунун башчысы Людмила Алексеева баш болгон укук коргоочу активисттер Москва шаар бийлигинен Триумф аянтында акция өткөрүүгө уруксат алышты. Шаар бийлиги акциянын уюштуруучуларына чогулгандардын саны бир миңден кишиден ашпасын деген шарт койду, укук коргоочулар аны кабыл алды.

31-декабрда Москвада митинг өткөрүү арызын оппозициялык күчтөрдүн атынан Эдуард Лимонов дагы берген. Бирок азырынча жооп ала элек.

31-октябрдагы митингден кийин Алексеева менен Лимоновдун ортосунда пикир келишпестик болуп, Лимонов Алексееваны акцияга чыкчу адамдардын санын чектөө боюнча бийликтин сунушун кабыл алганын сындаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG