Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Түндүк Тажикстанда исламисттер деп шектелгендер кармалды


Соңку эки күндө тажик милициясы менен атайын күчтөрү Өзбекстан Ислам кыймылына мүчө деп шектелген алты кишини кармады. Согди облусундагы Истарафшан районунун тургуну 23 жашар Дилшод Рахимов кармалгандан кийин өзү менен чогуу жүргөн дагы 5 кишиге көрсөтмө берген.

Облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы генерал Шариф Назаров алардын бардыгы тең чет өлкөлөрдө атайын даярдыктан өтүп келген террористтик топтордун лидерлери экендигин тастыктады. Акыркы эки жума ичинде эле Согди облусунда исламчыл деп шектелген 15 киши кармалган, Исфара районунда 5 согушкерди атайын күчтөр жок кылган.

XS
SM
MD
LG