Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

АКШ Сенаты Орусия менен өзөктүк куралды кыскартуу келишимин жактырды


Орусия менен түзүлгөн стратегиялык куралдарды кыскартуу тууралуу жаңы келишимди колдоп 71, каршы 26 добуш берилди. Келишимде 7 жылдын ичинде эки тараптан тең 700 даанага чейин өзөктүк куралды, 1550гө чейин дүрмөттү кыскартуу милдеттендирилет. Бул 2009-жылы мөөнөтү бүткөн мурдагы келишимде көрсөтүлгөн кыскартуунун 30% түзөт.

Б.Обаманын жеке аракети аркасында Орусия менен жетишилген келишимди жактырууга республикачылар каршы болуп келишкен. АКШ президенти келишимдин жактырылышын "бүткүл дүйнө үчүн өтө күчтүү белги" деп баалады.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва АКШ Сенатынын чечимин кубаттайт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG