Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

ИИМ журналисттерди такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды


Ички иштер министрлиги бул тууралуу маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, атайын билдирүү таратты. Анда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн таратууга мүмкүн болбой турган маалыматтардын тергөө, сот органдарынын жазуу түрүндө уруксаты жок жайылып кетип жатканы айтылат. Ошондой эле каралаган, провокациялык мүнөзгө ээ жана улут аралык жаңжалдарды козуткан материалдардын арбыганы белгиленди. ИИМдин билдирүүсүндө иликтөө жана ыкчам иш-аракеттерге көп учурда жолтоо болгон “өз булактарга” таянып таратылган маалыматтар айыпталды. Сот процесстеринин жана ыкчам иликтөө иштеринин катышуучуларынын аты-жөнүн, даректерин ачык жарыялап жибергенден улам кылмышка шектелгендер из жазгырып кетип жатканы баса белгиленди. ИИМ журналисттерди жарыялап жаткан материалдардын мазмунуна көңүл бурууга, мыйзамдуулукту сактоого өтүнүп, министрлик өз кезегинде мындай маалыматты тактаган, же жокко чыгарган жоопту берип турууга даяр экенин кошумчалады. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG