Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

Кыргызстан Азербайжандан күйүүчү май алып турушу ыктымал


Президент Роза Отунбаева кечээ Түркиянын Стамбул шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту. Жолугушууда тараптар экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Р. Отунбаева Кыргызстанга Азербайжандан жылына 15 миң тоннадай күйүүчү май ташып келүү тууралуу сөз козгоду. И. Алиев өз кезегинде күйүүчү май ташуунун механизмдерин иштеп чыгуу керектигин белгиледи. Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү үчүн донор уюмдардын жыйыны тууралуу айтылды. И. Алиев бул жыйынга катышуу ниетин билдирди.

Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, бул саммиттин алкагында Р. Отунбаева пакистандык кесиптеши менен да жолугушту. Анда негизинен Кыргызстандагы соңку саясий жагдай талкууланды. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG