Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Ардагер аскер кызматкери ачкачылык жарыялады


Ардагер Анвар Сарытаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча ачкачылык күч кызматтарынын ардагерлерине 1994-жылдан бери төлөнбөй келе жаткан аскердик паек акчасын төлөп берүү жана 2010-жылдын 1-январынан тарта алынып салынган жеңилдиктерди кайра калыбына келтирүү талабы менен уюштурулууда. Акциянын уюштуруучусу ачкачылык бир күндүк мөөнөт менен эскертүү иретинде жарыяланганын кошумчалады. Анын айтымында, эгер өкмөт тарабынан оң жооп болбосо 10-январдан тарта жалпы республика боюнча күч түзүмдөрүнүн ардагерлери нааразылык акциясына чыгышмакчы. “Биз мугалимдердин нааразылыгын түшүнөбүз жана колдойбуз, анткени биздин социалдык абалыбыз да алардыкынан калбайт”,-дейт Анвар Сарытаев. Ардагер аскер кызматкери бүгүн өзүнүн талаптары жазылган кайрылууну өкмөт башчынын атына жолдомокчу. Ачкачылык акциясы Өкмөт үйүнүн жанындагы Кесиптик кошуундар үйүндө өтүп жатат.

Күч кызматтарынын ардагерлерине жана жалпы эле пенсионерлерге коммуналдык кызмат, транспорт жана башка кызматтар үчүн берилген жеңилдиктер 2010-жылдын 1-январынан тарта алынып салынган, мурдагы бийлик анын ордуна пенсионерлерге айына 650 сомдон компенсация киргизген болчу.

1-декабрдан тарта айлык акынын аздыгына, социалдык жактан колдоо жоктугуна нааразылыгын билдирген мугалимдер нааразылык акциясын башташып, иш-чара жалпы республиканы кучагына алган. Убактылуу өкмөт мугалимдердин айлыгын 1-январдан тарта 160 сомго көбөйткөн чечим кабыл алган, бирок бул мугалимдердин нааразылыгын ансайын күчөткөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG