Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:04

Парламент төрага орун басарларын шайлоого киришти


Бир сааттык тыныгуу учурунда вице-спикерди шайлоо комиссиясы түзүлдү, комиссиянын төрагалыгына депутат Анарбек Маматалиев, ал эми катчылыгына депутат Ширин Айтматова дайындалды. Ушул тапта депутаттар беш фракциядан сунушталган талапкерлерди шайлоого киришип, добуш берүү үкөгүнө бюллетендерди таштап жатышат.
Вице-спикерликке талапкерлерин бардык фракция көрсөтүштү. “Ар-намыс” партиясы Бөдөш Мамырованы, “Ата Журт” фракциясы Мыктыбек Абдылдаевди вице-спикер көргүсү келет. “Республикадан” Бакыт Төрөбаевдин, “Ата Мекенден” Асия Сасыкбаеванын, ал эми социал-демократтардан Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG