Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Сокулукта 280 орундуу мектептин курулушу аяктады


Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Надия Сарбагишеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мектеп ишке февраль айында берилет. Буга мектептин ичиндеги доска-парталардан тартып, башка керектүү эмеректердин жоктугу себеп болууда. 280 окуучуга эсептелген, 162 чарчы метр спорт залы бар орто мектептин имаратын курууга мамлекет тарабынан 28 млн. сом бөлүнгөн.
Жалпы өлкө боюнча учурда 5 мектептин курулушу жүрүп жатат, алар келерки окуу жылында ишке берилмекчи.

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертиза департаменти тарабынан быйыл 400 курулуштун долбоору каралып, анын ичинен 100гө жакыны кайра иштеп чыгууга жиберилген. Буга негизинен долбоорлордо курулуш нормалары жана эрежелери сакталбаганы себеп болууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG