Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Санжар Бакиевдин ишине байланыштуу апелляциялык арыз каралат


Бүгүн эртең менен Чүй облустук сотунун кылмыш иштерди кароочу коллегиясы тарабынан карала башталган сот процесси адвокаттардын өтүнүчү менен саат түшкү 2ге чейин жылдырылды. Жактоочулар мамлекеттик айыптоо тарабынан мурдагы соттун чечимин жокко чыгаруу тууралуу сунушу менен таанышып чыгууга убакыт сурашты. Ошондой эле Санжар Бакиевдин адвокаты Болот Назарбаев мурдагы жактоочу Рысбек Нагаевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу С. Бакиевге тагылып жаткан бардык айыптар боюнча материалдар менен таанышып чыгуу зарылчылыгы келип чыкканын билдирди.

Мурдагы президенттин бир тууганынын уулу Санжар Бакиев "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыпталып, камакка алынган. Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн 2-ноябрда Бишкек гарнизондук аскердик сотунун имаратында чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG