Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Роза Отунбаева Ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушту


Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуу бүгүн Стамбул шаарында болду. Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Ооганстандын лидери Хамид Карзайга Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал тууралуу айтып берди. Ооган президенти Кыргызстан келечекте демократиянын жолунда өнүгөрүнө ишеничин билдирди. Жолугушууда тараптар Кыргызстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын сатуу, Иран-Ооганстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай багытындагы темир жолдун курулушу тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча да сөз болду деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташуу уюмунун 11-саммитине катышууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG