Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Ү. Сыдыков менен И. Масалиевдин соту эртең уланат


Буга мамлекеттик айыптоо тарабынан күбөлөр сотко алып келинбей жатканы себеп болду деп билдирди "Азаттыкка" Искак Масалиевдин адвокаты Кайрат Загибаев. Адвокат ошондой эле кылмыш ишин козгоого негиз берген телефондук сүйлөшүүлөрдү угуп, аны жаздырып алган адамдар, т.а. Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери тергөөдө суралбаганына нааразылыгын билдирди. "Кылмыш иши ошол негизде козголуп атса, бүгүнкү күнгө чейин биз, адвокаттар, билбейбиз, телефон сүйлөшүүлөрүн угуп жаздырган кызматкердин аты-жөнүн толук билбейбиз. Акматов деген фамилиясы гана белгилүү. Эмне үчүн ал күбөлөрдүн катарында жок" деп нааразылыгын билдирди адвокат.

Бүгүнкү сот жараянында парламенттин мурдагы депутаттары Жангороз Каниметов менен Ажыбай Калмаматов күбө катары көрсөтмө беришти. Буга чейинки соттук териштирүүдө экс-депутаттар Шарипа Садыбакасова, Айнура Турдубаева, Роза Абдраимова, Николай Байло, Нурлан Койчубаков көрсөтмө беришкен.

Сот Кымбат Архарова мамлекеттик айыптоону башка күбөлөрдү алып келүүгө милдеттендирип, ишти эртең улантууну жарыялады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG