Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:40

Казакстан: президенттин бийлигин узартуу демилгеси кайрадан көтөрүлдү


Бүгүн өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Өскемен шаарында Нурсултан Назарбаевди бийликте референдум аркылуу 2020-жылга чейин калтыруу максатында атуулдардын колун жыйноочу демилгелүү топ уюшулду. Топтун башчылыгына Семипалатинск мамлекеттик университетинин башчысы Эрлан Сыдыков шайланды.

Маселени референдумга алып чыгуу үчүн Казакстандын бардык облустарынан жана Алматы менен Астана шаарларынан 200 миң кишинин колун топтоо талап кылынат.

Президент Нурсултан Назарбаевдин азыркы бийлик мөөнөтү 2012-жылы аяктайт. Буга чейинки эки шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөнүн эске алганда, казак оппозициясынын айрым өкүлдөрү алдыдагы шайлоо да келерки жылга белгиленип калуусу мүмкүн экендигин айтышууда. Казакстандын “Улут көсөмү” жөнүндөгү мыйзамы Нурсултан Назарбаевге президенттиктен кеткен күндө деле ыйгарым укуктарынын дээрлик баарын сактап калууга мүмкүндүк берет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG