Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Украинада мурдагы өкмөт мүчөсүнө кылмыш иши козголду


Өлкөнүн Башкы прокуратурасы юстиция министринин мурдагы орун басары Евгений Корничюкка каршы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде кылмыш иши ачылганын "Азаттыктын" Украин кызматы кабарлайт. Евгений Корничюк камакка алынып, 29-декабрга чейин тергөө абагына алынганын Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Юрий Бойченко билдирди.

Е.Корничюктун маалымат катчысы аны менен байланыша албай жаткандыгын айтты. Парламент депутаты Васил Онопенко болсо Карничюктун камалышы экс-премьер-министр Юлия Тимошенкого жана анын партия мүчөлөрүнө карата кысым деп ишенет.

Апта башында мурдагы премьер-министр Ю.Тимошенкого, мурдагы ички иштер министри Юрий Люценкого жана мурдагы экономика министри Богдан Данилишинге кылмыш иштери ачылган.

XS
SM
MD
LG