Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

ИИМ ЕККУнун “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоору боюнча маалымат берет


ЕККУ түштүктөгү июнь коогалаңынан кийин тартип коргоо органдардын ишине байкоо салуу үчүн өзүнүн 52 полиция кеңешчисин Кыргызстанга жөнөтүүнү чечкен. Бул коомчулукта олуттуу нааразылыктарды жараткан. Кырдаалга байланыштуу эки тараптын макулдашуусу боюнча долбоордун форматы өзгөртүлүп, натыйжада мурда белгиленгендей төрт ай эмес, бир жыл иштейт жана мурда белгиленгендей 52 эмес, 31 полиция кеңешчиси өлкө аймагы боюнча иш алып барат.

Алдын ала маалыматтарга караганда “Коомдук коопсуздук демилгеси” деп аталган долбоор үч багытта иш алып барат. Башкача айтканда долбоордун негизинде милиция кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө кеңеши, дөңгөлөктөгү коомдук кабылдама түзүү, Ички иштер кызматынын курамына кадрларды улуттардын санына жараша тартуу өңдүү иштер уюштурулат. Долбоор 2011-жылдын башында ишке кирери айтылууда.

Аталган маалымат жыйынын долбоорду ишке ашыруу милдетин алган тараптар саналган Ички иштер министрлигинен Криминалдык анализ жана укук башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Шамшыбек Мамыров жана эл аралык эксперт кеңешчилер “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоору уюштурууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG