Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Улутташтырылган ишканалар маселеси чогуу каралат


Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков мурдагы бийликтин тушунда менчикке чыгып, кайра мамлекетке кайтарылган ишканалар тууралуу маселе чогуу караларын, ал үчүн бир комиссия түзүлөрүн жарыя кылды. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ушул тапта улутташтырылган объекттердин айрымдарынын "арты таза эмес" экенин белгиледи. Анын айтымында, мамлекетке пайда алып келүүчү ишканалардын жең ичинен сатылып кетүүсүнө жол берилбеши керек.

Апрель окуясынан кийин мурдагы бийликтин тушунда менчикке чыгып кеткен айрым ишканалар: "Түндүк электро", Кара-Кече көмүр кени, "5-канал" телекомпаниясы жана башка ишканалар кайра мамлекетке кайтарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG