Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Беларус прокуратурасы Курманбек Бакиевдин дайынын билбесин кабарлады


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жакында Беларустагы кесиптештеринен экс-президент Курманбек Бакиевди мекенине кайтаруу талабына расмий жооп алды. Анда Беларустун Башкы прокуратурасы Курманбек Бакиевдин Беларуста жашап жатканы тууралуу маалыматтарга ээ эмес экени айтылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы маалымдады.

Экс-президент Курманбек Бакиев апрель окуясынан кийин 15-апрелде Кыргызстандан чыгып кеткен, көп өтпөй ал Беларустун президенти Александр Лукашенконун чакыруусу менен анын өлкөсүнө кеткени маалымдалган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге "7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген" деген айып коюлуп, эл аралык издөө жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG