Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Ошто 75 батирдин ачкычы ээлерине 30-декабрда тапшырылат


Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаевге билдирди. Ошко расмий сапар менен барган өкмөт башчы Ош шаарында июнь коогалаңынан жабыркагандар үчүн курулуп жаткан 75 батирлүү үйдүн курулушу, ал эми 64 батирлүү үй курула турган жердин абалы менен таанышты. Алмазбек Атамбаев курулуп жаткан үйлөрдү тез арада бүтүрүүнү жана шаардагы жашоону мурунку калыбына келтирүү үчүн колдон келген аракеттерди жасоону тапшырды.

Июнь коогалаңынын кесепетинен Ош, Жала-Абад шаарларында, Кара-Суу районунда жүздөгөн адам турак-жайсыз калышкан. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG