Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Эртең күн ачык болот


Кыргыз гидрометеорология борборунан маалымдашкандай, 25-декабрда Чүй облусунун айрым жерлеринде гана жаан-чачын күтүлбөсө, калган аймактарда күн ачык болот. Жолдор тайгак болот. Шамал секундасына 1-6 метрге жетип, багыты өзгөрүп турат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүзү 2...7 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн -7...-12 градуска чейин муздайт, күндүзү 1...6 градус жылыйт. Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -1...-6 градуска чейин төмөндөп, күндүзү 2...8 градус жылуу болот. Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүзү -2...+3 градус жылуу болот. Тоолуу Нарында түнкүсүн сууктун күчү -21...-26 градуска чейин жетет, күндүзү -6...-11 градус суук болот. Тоолордо абанын температурасы -23...-28 градуска чейин төмөндөп, күндүзү -12...-17 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн -5...-7 градус суук, күндүзү 5...7 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG