Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

Баткенде жергиликтүү бийликке нараазы болгондор чогулду


Облустук акимчиликтин жанына чогулган 40 чакты киши соңку кезде бийлик менен эл ортосунда ажырым чоңойуп баратканын белгилешип, жакында эле облус губернатору Султанбай Айжигитовду кызмат ордунда калтырууну талап кылган митингди жергиликтүү бийлик өзү уюштурганын айтышты.

Жыйындын уюштуруучусу Абдимажит Мадымаров бардык тараптарды чогултууну каалашканын, бирок облустук бийлик мурда макулдашылгандай жыйын үчүн имаратты бербегенин, бийлик өкүлдөрү алар менен жолугушууга келбегенин айтты.

Султанбай Айжигитовдун кызматтан кетүүсүн талап кылган нааразылык жыйынга губернатордун тарапкерлери да келип, тараптардын ортосунда кайым айтышуу болду.

Губернатордун тарапкерлери Султанбай Айжигитов облустун деңгээлин көтөрүүгө аракеттенип жаткандыгын белгилешип, анын кызматында калуусун өтүнүшкөн. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG