Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт


Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, окуучуларга арналган жаңы жылдык балаты президент Роза Отунбаева жана министр Канат Садыковдун катышуусунда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул жылы Кыргызстандын башкы балаты кечесине өлкө аймагындагы мектептерден 800гө жакын окуучу келишти. Алар аз камсыз болгон жана апрель, июнь окуяларында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары. Өлкөнүн алыскы райондорунан мектеп окуучулары 23-декабрда келип, алар үчүн ар кыл көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлдү. Президенттик балатынын жүрүшүндө атайын концерттик программа көрсөтүлүп, окуучуларга белек тапшырылмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG