Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Бишкек ИИБинин алдында жарылуучу зат салынган унаа табылды


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедов билдирди. Анын айтымында, 25-декабрда таңкы саат беш чамасында Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын ыкчам аракеттенүүчү кызматкерлеринин унаа коючу жерине белгисиз бирөөлөр Land Rover үлгүсүндөгү унааны таштап кетишкен.

Унааны Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери иликтеп, андан химиялык каражаттар менен толтурулган жана кесилген майда арматуралар салынган газ балон чыккан. Колго жасалган бул жарылуучу заттын күчү тротил жарылуусунун күчүнө салыштырмалуу 7-10 килограммды түзөөрү божомолдонууда. Алдын ала маалыматтар боюнча унаа кечээ кечки саат сегиздер чамасында Сокулук районунда жашаган чет өлкөлүк жарандан күч менен тартылып алынганы такталды. Унаанын мамлекеттик номер белгилери болсо жасалма түрүндө болгон.

Мындан улам ИИМ жарандардарды кайсы бир аймакта шек туудурган буюмдарды көргөн учурда, ал нерселерге тийбей, 102 телефону аркылуу ички иштер органдарына кайрылууга чакырууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG